
Бишкек шаарында 13-14-апрель күндөрү өткөн "Ала-Тоо жазы" жаштар фестивалы жыйынтыкталды. Ош мамлекеттик университети 24 жогорку окуу жайдын ичинен төртүнчү орунду ээлеп, 75 миң сом жана белектер менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.
Жарым финалда Журналистика адистигинин студенти Курманжан Эркинбек кызы жана Медицина факультетинин студенти Ольга Королятина катышты. Фестивалда вокалдык искусство, автордук ыр, фольклор, аспапта аткаруу жана хореография боюнча 100дөн ашык чыгармачыл номерлер тартууланды.
Иш-чара искусство тармагындагы жаш таланттарды аныктоо, колдоо жана жайылтуу багытында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.
«Негизи «Ала-Тоо жазы» фестивалы жөн гана сынак эмес. Чыгармачыл жаштар Кыргызстандын жаңы маданий кодун түзүп жаткан келечектин символу”, - деп белгиледи уюштуруучулар.