Студенттер Папан суусактагычынын аймагында тазалык акциясын өткөрдү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Папан суусактагычынын аймагында тазалык акциясын өткөрдү

Image

 

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун жана STEM инновациялык колледжинин туризм адистиктеринин студенттери 25-апрелде Папан суусактагычынын бийиктен көрүнгөн кең көрүнүш (Панорамный) аймагында тазалык акциясын өткөрдү.

“Биздин максат – экологиялык жана жайлоо туризмин өнүктүрүү менен катар, эс алуучуларга маданияттуу эс алуунун маанисин жеткирүү жана жаратылышты таза сактоого чакыруу болду. Тилекке каршы, аймактагы таштандылар көйгөй бойдон калууда. Бул маселени чечүү үчүн Папан айыл өкмөтүнө бир нече сунуш менен кайрылганы турабыз”,– деди институттун улук окутуучусу Жанарбек Султанов.

Иш чара ички туризмди өнүктүрүү, туристтик жана экологиялык маданиятты жайылтуу максатында уюштурулган.

Фото галерея