Дүйнөдө эмне кеп: Адабият боюнча Нобель сыйлыгы венгр жазуучусуна ыйгарылды

Башкы Жаңылыктар

Дүйнөдө эмне кеп: Адабият боюнча Нобель сыйлыгы венгр жазуучусуна ыйгарылды

Image

2025-жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгы венгр жазуучусу Ласло Краснахоркаиге ыйгарылды. Бул тууралуу Стокгольмдогу Нобель комитети билдирди.

Бул — автордун алгачкы ийгилиги эмес. Ал буга чейин 2015-жылы Эл аралык Букер сыйлыгын, 2019-жылы АКШнын Улуттук китеп сыйлыгын (котормо адабият үчүн) жана 2004-жылы Венгриянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — Кошут сыйлыгын алган. Белгилүү адабиятчы Сьюзен Сонтаг аны “апокалипсистин заманбап венгр чебери” деп атаган.

Эске салсак, 2024-жылы бул сыйлыкка түштүк кореялык жазуучу Хан Ган татыктуу болуп, анын чыгармалары "тарыхый травмаларды жана адам өмүрүнүн морттугун чагылдырганы" үчүн бааланган.

Булак: kabar.kg