Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков эл аралык деңгээлдеги суу ресурстары жана дене тарбиясы маселелерине арналган конгресске катышып, баяндама жасады.
Профессор Кожобеков өз баяндамасында Кыргызстандагы спорттук билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерге токтолуп, бул жаатта ОшМУнун жетишкендиктери жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.
«Мындай масштабдуу форумга катышуу университетибиздин эл аралык илимий коомчулукка интеграцияланышына жана өнөктөштүктү кеңейтүүгө жасаган аракетинин бир көрүнүшү. Бул жаңы билимдерди алуу, тажрыйба алмашуу жана келечектеги биргелешкен долбоорлор үчүн абдан маанилүү аянтча. Дене тарбия, спорт жана коопсуз жашоо маселелери дени сак жана активдүү муунду тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ»,— деп белгиледи ректор өз сөзүндө.
Аталган эл аралык конгресс дүйнөнүн булуң-бурчунан келген суу коопсуздугу, куткаруу иштери, туризм, дене тарбия жана спорт тармагындагы алдыңкы адистерди, окумуштууларды жана практиктерди чогултту. Башкы баяндамачылардын катарында Эл аралык куткаруу федерациясынын (ILSE) президенти доктор Дирк Биссингер, Польшанын Суудагы ыктыярдуу куткаруучулар коомунун (WOPR) президенти Павел Блэсяк жана Эл аралык куткаруу академиясынын деканы Йоост Биренс сыяктуу дүйнөлүк таанымал адистер бар.