ОшМУнун ветеринардык клиникасында итке уникалдуу операция жасалды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ветеринардык клиникасында итке уникалдуу операция жасалды

Image

Ош мамлекеттик университетинин ветеринардык клиникасынын дарыгерлери алгачкы жолу иттин эки арткы бутунун сынуусун остеосинтез ыкмасы менен ийгиликтүү дарылоону ишке ашырышты.

Остеосинтез – бул сынган сөөктөрдү атайын металл пластиналар жана бурамалардын жардамында хирургиялык жол менен бекитүү ыкмасы болуп, ал сөөктүн туура жана бат айыгышын камсыздайт. 

Операциянын жаныбардын эки арткы бутуна тең остеосинтез жүргүзүлгөнү менен өзгөчөлөнөт. Бул болсо жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү, заманбап хирургиялык шаймандарды жана абсолюттук стерилдүүлүктү талап кылган татаал жараян.

Хирургиялык топ операциянын жүрүшүндө сынган сөөктөрдү так анатомиялык абалга келтирип, атайын металл пластиналар менен бекитишкен. Мындай ыкма гипс же шина коюу сыяктуу салттуу дарылоо ыкмаларына караганда реабилитациялык мөөнөттү кыйла кыскартат. Операциядан кийин клиниканын стационардык бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, абалы тыкыр байкоодо болду. Азыркы тапта абалы туруктуу деп бааланууда. 

Бул операция ОшМУнун ветеринардык клиникасындагы чоң жетишкендик болуп, аймактагы жаныбарлардын ортопедиялык ооруларын заманбап ыкмалар менен дарылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачмакчы.

 

Фото галерея