ОшМУда корей тили боюнча чечендик өнөрдү өнүктүрүүгө багытталган сынак өткөрүлдү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда корей тили боюнча чечендик өнөрдү өнүктүрүүгө багытталган сынак өткөрүлдү

Image

Бүгүн, 17-октябда Ош мамлекеттик университетинде корей тилин өздөштүрүп жаткан студенттер жана окуучулар арасында корей тилинде чечендик өнөрдү өнүктүрүү боюнча сынак өтүп жатат.

Иш-чарага Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ, университеттин тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, Ош 2 Седжонг институтунун директору Ким Джонен, Ош шаарындагы корей тили борборлорунда билим алып жаткан студенттер, окуучулар катышууда. Элчи бул сынак корей тилин жана маданиятын тереңдетип үйрөнүүгө багыт берерин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында сынактын катышуучуларынын таймашы, концерттик программа, лотореялар ойнотулат. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар, кызыктыруучу белектер ыйгарылат.

ОшМУ бүгүнкү күндө Кореянын 18 алдыңкы университети менен эки тараптуу келишимдердин алкагында кызматташып келет. Ар бир окуу жылында элүүдөн ашуун студент аталган өлкөнүн университеттеринде академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча билим алат. Алсак, 2018-жылдан бери ОшМУдан 300дөн ашуун студент эки тараптуу келишимдердин алкагында билим алып келишкен. 

Ошондой эле университеттин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде “Хошим” корей тили жана маданияты борбору иш алып барат. Борбор Кореянын Кванджу университети менен биргеликте ачылган. Мында окутуучулар, студенттер үчүн корей тилин тереңдетип өздөштүрүүгө, маданияты менен таанышууга шарттар каралган. 




 

Фото галерея