“Чип и Дейл” ветеринардык ишканасы менен студент, окутуучулар жаныбарларга түрдүү операцияларды жүргүзүүдө

Башкы Жаңылыктар

“Чип и Дейл” ветеринардык ишканасы менен студент, окутуучулар жаныбарларга түрдүү операцияларды жүргүзүүдө

Image

Бишкектеги “Чип и Дейл” ветеринардык ишканасынан келген адистер Айыл чарба колледжиндеги студенттерге жана окутуучуларга тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. 

Алар студенттер жана окутуучулар менен биргеликте жаныбарларга түрдүү операцияларды жүргүзүүдө. Операция учурунда студенттер жаныбарларга жасалуучу хирургиялык, стерилдүүлүк эрежелер жана остеосинтез сыяктуу заманбап ветеринардык ыкмалар менен жакындан таанышууда. 

Бул иш-аракет ОшМУ менен “Чип и Дейлдин” ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашууда. Документке ылайык, колледж аталган ишканага дарылоо, хирургиялык операцияларды жүргүзүү үчүн шарттарды түзүп берет. Алар болсо студенттердин, окутуучулардын билимин тереңдетүүгө кам көрөт. 

Айыл чарба колледжи Орусия жана Өзбекстандын бир нече айыл чарба, ветеринария, агрономия багытында билим берген окуу жайлары менен кызматташат. Учурда колледжде 250дөн ашуун студент билим алууда. Жетекчилик мындан ары да ветеринардык медицина тармагында практикалык билим берүүнү чыңдоого багытталган өнөктөштүктөрдү улантууну пландап жатканын белгиледи

Фото галерея