Аспиранттар илимий изилдөөлөрдүн методологиясы боюнча окутуудан өттү

Башкы Жаңылыктар

Аспиранттар илимий изилдөөлөрдүн методологиясы боюнча окутуудан өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинин аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси Гүлжамал Анарбаева учурда билим алып жаткан аспиранттарга алардын негизги иш-милдеттери, уюштурулушу боюнча маалыматтарды берди. 

Илимий изилдөөлөрдүн методологиясынын негиздери, илимий ишмердүүлүктү баалоонун критерийлери боюнча айтты. Мындан сырткары жаңы укуктук-ченемдик актылар, илимий кадрларды даярдоодогу өзгөчөлүктөр боюнча кошумчалады. Ошондой эле РИНЦ, SCOPUS, “Web of sсience” системаларынын басылмаларына макалаларды жарыкка чыгаруу боюнча да презентация көрсөтүлдү. 

Катышуучулар бардык кызыккан суроолоруна тиешелүү жоопторду алышты.

Кыргызстандагы окуу жайлардын ичинен алгачкылардан болуп, 2022-жылы ОшМУнун аспирантурасына 15 тармак боюнча 101 адистикке (учурда 103) Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензия берилген. Учурда 250дөн ашуун аспирант билим алганча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Фото галерея