ОшМУда Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат

Image

20-октябрда Ош мамлекеттик университетинде көрүнүктүү акын, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган “Өрнөктүү өмүр” аттуу илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Иш-чарага Ош шаарындагы акын-жазуучулар, адабиятчы-окумуштуулар, окутуучулар жана студенттер катышууда. Анын алкагында Сооронбай Жусуевдин өмүрү, чыгармачылык мурасы, кыргыз поэзиясына кошкон салымы боюнча видео тасма көрсөтүлүп, акындын “Курманжан Датка” романынан сахналык көрүнүш коюлду.

Конференцияны ОшМУнун илим жана инновация боюнча проректору Элзар Эшаров ачты. Ал Жусуевдин Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл акыны, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, “Ардактуу профессору” экенине токтолуп, анын кийинки муунга калтырган эмгектери түбөлүк өрнөк экендигин белгиледи. Пленардык отурумда профессор Гулина Жамгырчиева, улук окутуучу Медергүл Табалдиева тарабынан Сооронбай Жусуевдин адабияттагы орду жана поэзиядагы салымы боюнча баяндамалар жасалды. Акындын ырларынан көркөм окулуп, обондуу чыгармалар аткарылууда.

Конференциянын экинчи бөлүгү азыркы кыргыз адабият таануу илиминин жана адабий сынынын актуалдуу маселелери, кыргыз тилин, адабиятын жаңы технологиялар менен окутуунун жолдору, кыргыз тил илиминин учурдагы маселелери темаларында секциялык иштер менен уланат.

Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чара Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгын илимий негизде талдоого жана жаш муундарга кеңири таанытууга багытталган.

Эл акыны Сооронбай Жусуев 2016-жылы 4-февралда 91 жашында дүйнө салган. Анын 30дан ашык китеби жарык көрүп, 14ү орус тилинде басылып чыккан. Чыгармалары казак, өзбек, украин, азербайжан тилдерине да которулган. Ошондой эле ал дүйнөлүк классиктер Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Маяковский, Есенин, Омор Хаям, Абай сыяктуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Сооронбай Жусуевдин 70тен ашык ырына Рысбай Абдыкадыров, Асылбек Өзүбеков, Исрадин Аманбаев сыяктуу обончу-композиторлор обон жараткан.

 

Фото галерея