Студенттер эл аралык олимпиададан байгелүү кайтты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер эл аралык олимпиададан байгелүү кайтты

Image

16-18-октябрда Казакстандын Чымкент шаарында өткөн хирургия багыты боюнча эл арлык олимпиадада ОшМУнун медицина факультетинин командасы 3-орунду алды. 

Мухаммедазиз Бакытбек уулу, Сайдулло Халмурзаев жана Бекзат Орозалиев нейрохирургия багыты боюнча операция жасоо ыкмалары, тигүү техникасы жана клиникалык абалдарды талдоо боюнча өз билгичтиктерин сынашты. Студенттерди Медицина факультетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу  Таалайбек  Сейитбеков жетектеп барды. 

Олимпиада Жаш окумуштуулар жана студенттердин эл аралык форумунун алкагында Түштүк Казакстан медициналык академиясында уюштурулду. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжандын медициналык жогорку окуу жайларынын студенттери катышты. Алар хирургия тармагындагы теориялык жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

 

Фото галерея