Индиянын Дивали майрамы белгиленди 

Башкы Жаңылыктар

Индиянын Дивали майрамы белгиленди 

Image

Бул жылы ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин 1-курсуна миңден ашуун студент кабыл алынды. Алардын басымдуу бөлүгү Индиянын жарандары. 

Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда факультетте өткөн кабыл алуу (посвещение) жана Индиянын Дивали майрамын белгилөө үчүн уюштурулган салтанатта айтылды. Иш-чарага катышкан ректор Кудайберди Кожобеков студенттерди даталуу күн менен куттуктады. 

Концерттик программа уюштурулуп, студенттер өз өлкөсүн даңазалаган ыр-бийлерди аткарышты. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук бийлерин бийлешип, ыр ырдашты. Индиянын улуттук кийимдерин кийген улан-кыздар фестивалга өзгөчө көрк тартуулашты.

Дивали Индиядагы жарыктын караңгылыкты, жакшылыктын жамандыкты жеңгендигин билдирген негизги майрамдардын бири. 

 

Фото галерея