ОшМУда «Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форуму башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда «Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форуму башталды

Image

Форумга Евразиялык тармактык университетинин (ЕТУ) жетекчилери, Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары, аталган өлкөдөн жана Кыргызстандан тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору, эксперттер жана адистер катышууда.

Алгач коноктор университеттин башкы имаратынын алдында окутуучулардын, студенттердин илимий долбоорлору, стартаптары коюлган көргөзмө менен таанышты.

Эл аралык форум Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайлары, мамлекеттик органдары, бизнес чөйрөсү жана жарандык коом өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташууну чыңдоого жана өнүктүрүүгө арналган маанилүү жылдык иш-чара болуп саналат.

Иш-чара илим, билим берүү жана бизнес чөйрөсүнүн өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү, тармактык багыттагы жогорку билим берүү программаларын ишке ашыруу, эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу максатында үчүнчү ирет өтүп жатат. Форумдун алкагында эксперттик баяндамалар жасалып, ЕТУнун координациялык кеңешинин жыйыны өтөт. Андан сырткары бир катар эл аралык келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.


 

Фото галерея