Айлана- чөйрө, биосфера жана биотүрдүүлүктү коргоо багытында студенттер мелдешти

Башкы Жаңылыктар

Айлана- чөйрө, биосфера жана биотүрдүүлүктү коргоо багытында студенттер мелдешти

Image

Сынак Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин студенттери арасында өттү. Анда көркөм сүрөт, социалдык видеоролик жана сүрөт  багыттары боюнча 70тен ашуун эмгек келип түшкөн. 

Жыйынтыгында мыктылар аныкталып, 19-октябрь Биоэтика күнүнө карата уюштурулган иш-чарада сыйлыктар берилди.  

Жыйындын алкагында катышуучулар экологиялык жоопкерчилик жана адамдын ден соолугуна айлана-чөйрөнүн таасири боюнча пикир алышты. Мындан сырткары Оштун мисалында айлана-чөйрөнүн калктын саламаттыгына тийгизген таасири,  шаардын жашыл массивдери боюнча баяндамалар окулду. 

Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү экологиялык коопсуздук жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Алар айлана-чөйрөнү таза сактоо ар бир жарандын милдети экенин белгилешти.

Иш-чараны Медицина факультети жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы биргеликте демилгеледи.

 

Фото галерея