Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин окумуштууларынын, инженерлеринин жана ишкерлеринин “Инновациялык технологиялар борбору” ассоциациясы түзүлөт. Бул сунушту 22-октябрда ОшМУда өтүп жаткан Евразиялык тармактык университеттер форумунда ректор Кудайберди Кожобеков берип, катышуучулар колдоп берди.
Жаңы ассоциация колдонмо илимди өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк илимдин алдыңкы тажрыйбаларын пайдаланууга арналмакчы. Уюмга жогорку окуу жайлар, илимий-изилдөө борборлору жана инновациялык өнүгүүгө кызыккан ишкерлер мүчө боло алат.
Сунуш үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши тарабынан кабыл алынган ЕАЭБдин узак мөөнөттүү илимий-техникалык өнүгүүсүнүн “рамкалык” мүнөздөгү стратегиялык программасынын алкагында көтөрүлгөн. Долбоор биримдикке мүчө мамлекеттердин күч-аракетин бириктирүү, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жана инновациялык долбоорлорду өнүктүрүү, технологиялык прогрессти ылдамдатуу, илимий кызматташтыкты кеңейтүү аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү илимий потенциал түзүүгө багытталган.
Демилге “Евразиялык экономикалык жол – 2045” программасында каралган иш-чаралар менен шайкеш келет. Ал ЕАЭБдин позитивдүү элесин чыңдоого жана евразиялык экономикалык интеграцияны жайылтууну көздөйт.