Окутууга ОшМУнун башкы эсепчиси Алимжан Исираилов катышып, окуу жайда жүргүзүлүп жаткан санариптик каржылык башкаруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.
Ошондой эле финансы системасын автоматташтыруу, электрондук эсеп-кысаптарды жүргүзүү, каржы операцияларынын ачыктыгын камсыз кылуу жана отчеттуулукту санарип форматка өткөрүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу да маалымат берди.
“Кыргызстандагы университеттердин финансылык ишмердүүлүгүнүн санариптешүүсү” аталышындагы окутуу 22-октябрда Бишкекте ЭРАСМУС+ ДЕФА “Университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өттү. Катышуучулар онлайн жана оффлайн форматта күбө болушту.
Жыйынга ОшМУдан долбоордун ишке ашырылышына жооптуу жумушчу топтогулар, өлкөдөгү 60тан ашуун жогорку окуу жайдын финансы кызматкерлери катышты. Алар билим берүү тармагындагы санариптик башкаруу жана каржылык туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
ЭРАСМУС+ ДЕФА долбоору Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда финансылык автономияны өнүктүрүү, башкарууну модернизациялоо жана санариптик инструменттерди киргизүү аркылуу билим берүү системасын жакшыртууну максат кылат.