ОшМУнун окутуучулары медицинадагы симуляциялык окутуунун учурдагы маселелери боюнча баяндама жасашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары медицинадагы симуляциялык окутуунун учурдагы маселелери боюнча баяндама жасашты

Image

Анжиян мамлекеттик медициналык институтунда медицинадагы симуляциялык окутуунун учурдагы маселелерин талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана жаңы билим берүү ыкмаларын өнүктүрүүгө багытталган конференция өттү. 

«Медицинада симуляцияга негизделген окутуу: көйгөйлөр, чечүү жолдору жана келечеги» деп аталган иш-чарада ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин клиникалык дисциплиналар-2 кафедрасынын окутуучулары баяндама жасашты. Махабат Бугубаева, Жазгул Абжамилова "Виртуалдык бейтаптар биринчи операцияны алмаштыра алабы”, Гулназ Осмонова «Симуляциялык борбор: перспективалары жана эл аралык олимпиада өткөрүүдөгү тажрыйба» темаларына токтолду. 

Ал эми Ойбек Азимов «Виртуалдык пациент - Эл аралык медициналык факультетинин студенттеринин жыйынтыктоочу аттестациясында колдонуу тажрыйбасы», Бегимай Муктарали кызы мене Алтынай Нуралиева «Виртуалдык симулятор K Plus: чет өлкөлүк студенттердин даярдыгындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр» темасында баяндама жасашты. Иш-чара соңунда катышуучулар эл аралык сертификаттарга ээ болушту.

Эл аралык илимий-практикалык конференция 14-ноябрда болуп өттү. 

 

Фото галерея