Ош мамлекеттик университетинин орус тили жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасынын доценти Диларам Мадаминова менен окутуучу Гуляндон Балтабаева Ош шаарындагы мектептерде иштеп жаткан студенттердин ачык сабактарына катышты.
Айтымдарында, студенттер сабак өтүүдө өзүнө ишенимдүү болуп, заманбап окутуу ыкмаларын жана усулдарды активдүү колдонушууда. Айрыкча, санарип технологияларын пайдалануу, окуучулар үчүн жагымдуу жана ынтымактуу окуу чөйрөсүн түзүү, индивидуалдуу мамиле кылуу, критикалык ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты өнүктүрүү сыяктуу багыттар бааланды.
Бул иш-чара дуалдык окутуу программасын ишке ашыруу алкагында уюштурулду. Максаты — келечектеги мугалимдердин ишмердүүлүгүн байкоо, алардын педагогикалык компетенцияларын баалоо, теориялык билимдерин практикалык окутууда канчалык деңгээлде колдоно алганын аныктоо болууда.