Квалификацияны жогорулатуу борбору биринчи медициналык жардам көрсөтүү окуу курсуна чакырат

Башкы Жаңылыктар

Квалификацияны жогорулатуу борбору биринчи медициналык жардам көрсөтүү окуу курсуна чакырат

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору жарандарга жаңы окуу курсун баштады. “Биринчи медициналык жардам көрсөтүү” (Домашняя медсестра) деп аталган курста күнүмдүк турмушта жана күтүүсүз кырдаалдарда зарыл болгон алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкмалары окутулат.

Курска медициналык билими жок, бирок оорулуу адамга кам көрүү же үй шартында жардам көрсөтүүнү үйрөнүүнү каалаган жарандар катыша алат. Окуу программасы 1,5 айлык теориялык жана практикалык сабактарды, 15 күндүк клиникалык практиканы камтыйт. Практикалык бөлүк университеттин клиникасында өткөрүлүп, студенттер реалдуу шартта медициналык көндүмдөрдү бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Курста төмөнкү көндүмдөр үйрөтүлөт:

  • Дене табын туура өлчөө жана коркунучтуу абалдарды аныктоо;
     
  • Кан басымын (давление) өлчөө жана ыкчам жардам көрсөтүү;
     
  • Классикалык массаждын негиздери;
     
  • Пролежнинин алдын алуу жана дарылоо;
     
  • Оорулуунун төшөгүн жана кийимин алмаштыруу, гигиена тартиби;
     
  • Жамбашка, тамырларга жана тери алдына ийне саюу;
     
  • Пульс өлчөө ыкмалары;
     
  • Банка, грелка, горчичник колдонуу;
     
  • Клизма жасоо;
     
  • Дары-дармектерди туура колдонуу (таблетка, свеча жана башка каражаттар).

Сабактар ОшМУнун Медициналык колледжинде жумасына үч жолу — саат 14:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Курстун баасы бир айга 3000 сомду түзөт. Окуу программасын аяктагандарга Ош мамлекеттик университети тарабынан расмий сертификат ыйгарылат. Катталуу үчүн шилтемени басыңыз.