Дасыккан устат Нина Ешенова 75 жашта

Башкы Жаңылыктар

Дасыккан устат Нина Ешенова 75 жашта

Image

27-ноябрда ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунунда орус филологиясы бөлүмүнүн доценти, көп жылдык устат Нина Ешенованын 75 жылдык юбилейине арналган иш-чара болду.

Юбилейлик кече жылуу жана маданий маанайда өттү. Маараке ээсин окуу жайдын тышкы байланыштар боюнча  проректору Курсант Аттокуров баштаган жамаат, кесиптештери, студенттери жана шакирттери куттукташты. Нина Ешенова университеттин жана шаардык кеңештин ардак грамоталары, профсоюздардын юбилейлик медалы жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

Нина Ешенова 50 жылдан ашуун мезгилден бери орус тили жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасында үзүрлүү эмгектенип келет. Ал улуттук мектептер үчүн арналган бир канча окуу китептердин жана методикалык колдонмолордун автору. Ешенова өзүнүн методикалык мектебинен жүздөгөн мугалимдерди жана жаш окутуучуларды чыгарып, билим берүү тармагына зор салым кошкон.

Устаттын уюштуруучулук жана чыгармачыл жөндөмдүүлүгү студенттик топтордун куратору, эстрадалык миниатюралар театрынын жетекчиси жана жаш окутуучулардын насаатчысы болуп иштеп жүргөндө да кеңири көрүнгөн. Ошондой эле ал ОшМУда алгачкылардан болуп критикалык ой жүгүртүү лабораториясын уюштурган.

 

Фото галерея