Белгилүү профессор Лайли Үкүбаева ОшМУда студенттерге баяндама окуду 

Башкы Жаңылыктар

Белгилүү профессор Лайли Үкүбаева ОшМУда студенттерге баяндама окуду 

Image

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүнүн чакыруусу менен филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева конок лекция окуду. Лекцияга институттун окутуучулары, магистранттар жана студенттер  катышты.

Үкүбаева баяндамасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, анын эмгектериндеги нравалуулук, тазалык, адамгерчилик жана ар дайым адам болууга үндөгөн өчпөс гуманисттик идеялардын маанисин ачып берди. 

“Айтматовду окуган ар бир адам андагы философиялык ойлорду түрдүү кабыл алат. Ар бир чыгармада омоктуу ойлордун жатышы – бул кыргыз дүйнөсүнүн таза чагылышы”,  –дейт профессор. 

Лекциянын жүрүшүндө учурда Айтматовду изилдөөнүн актуалдуулугу, чыгармаларга муундардын көз карашы тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле ар бир чыгармадагы катылган сырлар жана автордун айтайын деген ойлорунун илимий анализдери тууралуу сөз болду. 

Илимий иш-чараны институттун кыргыз адабияты кафедрасы жана директордун окуу иштери боюнча орун басары Медергул Табалдиева демилгелеген. 

 

Фото галерея