Окуу жайлар жемкорлукка каршы аткарылган иштерди баяндады

Башкы Жаңылыктар

Окуу жайлар жемкорлукка каршы аткарылган иштерди баяндады

Image

9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) атайын жыйын өттү. Иш-чарада өлкөдөгү жемкорлукка каршы күрөш боюнча көйгөйлөр жана алдыдагы пландар талкууланды.

Жыйынга Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору Залкарбек Жолдошов, ОшМУ, ОшТУ, ОшКӨУ, ОшМПУнун ректорлору, жетекчилер, окутуучулар жана студенттер катышты. Ар бир жогорку окуу жай
президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 5-июнундагы жарлыгынын алкагында (2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү стратегиясы) быйыл аткарган иштери боюнча маалымат берди.

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, коррупцияга каршы комиссиянын төрагасы Руслан Арапбаев да университетте жүргүзүлгөн иштер тууралуу баяндама жасады. Ал «ОшМУда 2025-жылы коррупцияны алдын алуу жана коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча кадамдык план» негизинде аткарылган иштерди түшүндүрдү.

Жыйын соңунда жемкорлуктун себептери, аны алдын алуу жана эффективдүү күрөшүү жолдору боюнча сунуштар айтылып, катышуучулар суроолорун берип, пикир алышты.

 

 


 

Фото галерея