11-декабрда Ош мамлекеттик университетинде «Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун структуралаштыруу жана башкаруу: теория жана практика» темасында тренинг өттү.
Иш-чарага Баткен жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик кызматкерлери, Ош облусунун райондук акимиаттары жана мэриялардын өкүлдөрү, ОшМУнун экономика бөлүмүнүн кызматкерлери жана Бизнес паркынын өкүлдөрү катышты.
Тренингде катышуучулар МЖӨ мыйзамдарынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду түзүү ыкмалары, учурдагы көйгөйлөр жана практикалык кеңештер тууралуу маалымат алышты. Эксперттер МЖӨ механизмдеринин артыкчылыктары, инвестиция тартуу жолдору жана жаңы долбоорлорду иштеп чыгууда эске алуу керек болгон факторлорду талкуулады.
Катышуучулар тренингди жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, мындай иш-чаралар региондордо мамлекеттик, жеке сектор жана университеттер ортосундагы кызматташтыкты күчөтөрүнө токтолушту. Ошондой эле кадрлардын потенциалын жогорулатууга, социалдык-экономикалык долбоорлордун сапатын жакшыртууга өбөлгө болоорун белгилешти.
Окутуу Президенттин администрациясынын тапшырмасынын негизинде Улуттук инвестициялар агенттигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору, ОшМУнун Бизнес паркы жана Евразия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулду.