Окутуучу Асылбек Айтмамбетов ОшМПУда конок лекция өттү

Башкы Жаңылыктар

Окутуучу Асылбек Айтмамбетов ОшМПУда конок лекция өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Асылбек Айтмамбетов 19-декабрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) студенттерине жана окутуучуларына конок лекция өтүп берди. Лекция “Саламдашуу адеби” темасында болду. 

Анда лектор кыргыз элинин саламдашуу маданияты, анын тарыхы жана азыркы коомдогу орду тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле саламдашуунун бүгүнкү күндөгү өзгөчөлүктөрү, жаштардын ортосундагы орду тууралуу сөз болду. Лекция суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар тема боюнча өз ойлорун билдирип, кызыккан суроолорун беришти.

Конок лекция эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана студенттердин руханий-маданий баалуулуктарын арттыруу максатында уюштурулду.




 

Фото галерея