ОшМУда “Заманыбыздын шыктандыруучу айымдары” аталышындагы  жолугушуу өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Заманыбыздын шыктандыруучу айымдары” аталышындагы  жолугушуу өттү

Image

 

3-мартта Эл аралык билим берүү программалары коллежинде студенттер менен улуу муундун өкүлдөрүнүн “Заманыбыздын шыктандыруучу айымдары” аталышындагы дем берүүчү жолугушуусу уюштурулду.

Иш-чарага Манас улуттук академиясы жана Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук академия академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор Бушарипа Укуева, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Гулназ Анарбаева, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Фарида Дейдиева, социология илимдеринин кандидаты, доцент Гулумкан Түмөнбаева конок катары катышты.

Жолугушууда коноктор өздөрүнүн эмгек жолу, кесиптик тажрыйбасы, жетишкендиктери тууралуу айтып беришти. Ошондой эле максатка жетүүгө жардам берген сапаттар, үзгүлтүксүз изденүү жана жоопкерчилик тууралуу пикир бөлүшүштү. Студенттер суроолорун берип, кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү, карьера менен жеке жашоонун тең салмактуулугу тууралуу маалымат алышты.

Иш-чара 8-март – Айымдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп, илим жана билим берүү тармагындагы аялдардын ролун даңазалоого багытталды.


 

Фото галерея