Студенттер испан маданиятын даңазалашты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер испан маданиятын даңазалашты

Image

23-апрелде ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде «Испан жана англис ырлары кечеси» өттү.

Студенттер англис жана испан тилдеринде ырларды аткарып, көркөм окуу жана музыкалык номерлерди көрсөтүштү. Ар бир номер өзгөчө даярдык менен сахналаштырылды. Ал эми 1-курстун студенттери үчүн испан тилинен олимпиада уюштурулду. Тапшырмалардын жыйынтыгы менен  биринчи, экинчи, үчүнчү орунду алгандар аныкталып, белектер берилди.

Эки иш-чараны тең илим жумалыгынын алкагында Европа жана Америка интеграциясы бөлүмүнө караштуу кыргыз-испан тил жана маданият борборунун окутуучулары уюштурду. Алар мындай маданий жолугушуулар студенттердин тил үйрөнүүгө кызыгуусун арттырарын айтышты. Ошондой эле бул башка маданияттарды таанып-билүүгө, дүйнө таанымды кеңейтүүгө жана достукту бекемдөөгө жардам берет.

Фото галерея