Бүгүн, 29-апрелде Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) «Ала-Тоо жазы–2026» кароо сынагы башталды. Өлкөнүн жогорку окуу жайларынан, институт жана коллеждерден 14 команда катышууда.
Ачылыш аземинде конокторго окуу жай тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, сынакты уюштурууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ОшМУнун жамаатына ыраазычылык билдирди.
Фестивалдын жүрүшүндө студенттер төрт багытта – вокал, классикалык аспаптарда ойноо, фольклордук аткаруучулук жана хореографияда күч сынашат. Катышуучулардын өнөрүн калыстар тобу баалайт. Бүгүн сынактын биринчи баскычы өтүүдө. Жыйынтыгында ар бир жогорку окуу жайдан мыктылар тандалып, экинчи баскычка өтөт. Финалда алар кайрадан өнөр көрсөтөт.
«Ала-Тоо жазы» фестивалы 1966-жылдан бери өтүп келет. Кароо сынакты Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурат. Максаты – искусство тармагындагы жаш таланттарды аныктоо жана колдоо. Уюштуруучулардын айтымында, бул жөн гана сынак эмес. Бул чыгармачыл жаштар аркылуу Кыргызстандын жаңы маданий кодун түзгөн келечектин символу.