Жогорку окуу жайы менен мектептердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо максатында ОшМУнун атынан окуу жайдын педагогикалык практика бөлүмүнүн жетекчиси А. Батыралиев Ош шаарындагы № 2 К.Маркс гимназия-мектебинин, №18 А. Навои мектеп-гимназиясынын, №27 XXIV Партсьезд атындагы орто мектебинин жамаатына ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
Ыраазычылык кат мектеп жамаатына болочок мугалимдерди кесиптик жактан даярдоо процессинде студенттердин педагогикалык практикасын жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана методикалык-практикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн берилген.