Окумуштуу Болот Кулназаровду эскерүүгө арналган эл аралык конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

Окумуштуу Болот Кулназаровду эскерүүгө арналган эл аралык конференция өттү

Image

ОшМУда алгачкы зоология жана экология мектебинин негиздөөчүсү, биология илимдеринин доктору, профессор Болот Кулназаровдун 65 жылдык эскерүү кечесине арналган «Туруктуу өнүгүүдөгү инновация жана өнөктөштүк: био ар түрдүүлүк, жашыл экономика жана экология» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чара 23-24-май күндөрү болду. Ага Пакистан, Казакстан, Өзбекстандан жана онлайн байланыш аркылуу АКШдан, Орусиядан окумуштуулар, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардан профессордук-окутуучулук курам, PhD докторанттар, магистранттар студенттер, окумуштуунун үй-бүлөсү катышты.

Конференциянын жүрүшүндө коноктор, илимпоздор Кулназаровдун баалуу илимий изилдөөлөрү, адамдык сапаттары тууралуу  сөз кылышты. Пленардык отурумда  биологиялык ар түрдүүлүк, туруктуу өнүгүүнүн социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү ролу, жашыл экономика, экология боюнча баяндамалар жасалып, талкуулар болду.

Профессор Болот Кулназаров зоологияда батрахология, орнитология, териология жана паразитология боюнча сегиз илимдин кандидатын даярдап чыгарып, Кыргызстанда биринчилерден болуп «зоология жана экология мектебин» негиздеген.

Ал 1995-1996-жылдары АКШдагы Орегон мамлекеттик университетинде, 2000-2001-жылдары Американын Массачусетс мамлекеттик университетинде эмгектенген. 1997-жылы Борбордук Европа университетинде, 2002-жылы АКШнын Калифорния университетинде стажировкадан өткөн. Ошону менен бирге Нидерландия, Түрция, АКШ, Германия, Индия, Белгия, КМШ өлкөлөрүндө уюштурулган бир канча эл аралык симпозиум жана конференциялардын катышуучусу болгон. Анын жетекчилигинде жергиликтүү экологиялык көйгөйлөрдү чечүү максатында көптөгөн долбоорлор ишке ашкан. Анын 130дан ашык илимий эмгектери, тогуз окуу-методикалык колдонмолору, төрт окуу китеби жана үч монографиясы жарык көргөн.  

Болот Кулназаров 2013-жылы 53 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

 

Фото галерея