Корей тилин өздөштүрүүнү каалагандар үчүн ОшМУда борбор ачылды

Башкы Жаңылыктар

Корей тилин өздөштүрүүнү каалагандар үчүн ОшМУда борбор ачылды

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде “Хошим” корей тили жана маданияты борбору ачылып, пайдаланууга берилди. 

Ачылыш аземи бүгүн, 11-апрелде болду. Ага Кванджу университетинин проректору Ким Гап Ёнг, ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин окутуучулары жана студенттер катышты. Иш-чарада кыргыз-корей маданиятын чагылдырган чакан концерт тартууланды.

Борбор Кореянын Кванджу университети менен биргеликте ачылды. Мында окутуучулар, студенттер үчүн корей тилин тереңдетип өздөштүрүүгө, маданияты менен таанышууга шарттар каралган. Борбордун арты менен ОшМУнун окутуучулары, студенттери Кореяга окууга, иштөөгө жана тажрыйба алмашууга барса болот. Ошондой эле тил үйрөнүүнү каалагандар үчүн дагы борбордун эшиги ачык. 

Ким Гап Ёнг аталган борбор аркылуу Кореяга окууга бара турган алгачкы студенттер үчүн өзүнүн фондунан каржылык колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. 

Корей тили, маданияты борборун оңдоп-түзөө, материалдык-техникалык жактан жабдуу иштерине Кванджу университети 20 миң доллар жумшаган.

Фото галерея