11-сентябрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө «Сиражуддин ал-Оший жана анын Ислам илимдерине кошкон салымы» эл аралык илимий-практикалык конференциясы болду. Иш-чара түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынынын алкагында өттү.
Конференцияда ОшМУнун доценти, теологиянын доктору (PhD) Али Жусубалиев «X-XII кк. Ош шаары: социалдык, экономикалык жана маданий абалы», доцент, теологиянын доктору PhD Зайнабидин Ажымаматов «Караханийлер мезгили: Ханафий жана Матуридий мазхабдарынын өнүгүүсү» деп аталган темада баяндама жасашты. Ал эми Теология факультетинин деканы Ниязалы Арипов буларды айтты:
“Сиражуддин ал-Оший ислам ишенимдери алкагында абдан чоң эмгектерди жасаган. Ислам ишенимдерин ыр саптар менен ыргактуу кылып айтып, Жаратканды кантип тааныш керек, анын жалгыздыгын Куранда айтылгандай жеткириш керек дегенди жеткирүүдө опол тоодой эмгек жасаган. Анын эмгектери кылымдар бою бизге жетип келе жатат”.
Тарыхый саамалыкка уюмга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын башчылары, түрк дүйнөсүнүн аалым-окумуштуулары жана изилдөөчүлөр катышты.