Бүгүн, 11-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Теология факультети жана Түркиянын Памуккале университетинин Ислам илимдер институту биргеликте уюштурган үчүнчү эл аралык Сарахси симпозиуму өтүүдө.
Иш-чара борбор азиялык атактуу дин аалымы, фыкх илиминин залкары Имам Сарахсиге арналган.
Симпозиумга ГАЙЕ фондунун башкаруу кеңешинин төрагасы, профессор Мустафа Жеват Акшит, фонддун төрагасы Мехмет Акшит, Памуккале университетинин ректору, профессор Махмуд Гүнгөр, Өзбекстандын белгилүү диний аалымы Сатмурат Примов, Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз кары Закиров, ректор Кудайберди Кожобеков катышууда. Ошондой эле Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандан келген окумуштуулар, теологдор, магистранттар жана студенттер да бар.
Иш-чарада Имам Сарахсинин өмүр жолу жана илимий мурасы, анын ислам укугунун калыптанышындагы орду, эл аралык, азчылык укугу боюнча көз караштары, үй-бүлө, кылмыш укугу жаатындагы ойлору тууралуу баяндамалар окулууда.
Тарыхый булактарга ылайык, белгилүү саясий себептерден улам Имам Сарахси өмүрүнүн бир бөлүгүн Өзгөн шаарында өткөргөн. Ал 1073–1087-жылдар аралыгында зынданга камалып, 15 жыл бою анын ичинде туруп окуучуларына сабак берген. Шакирттери анын сабактарын жазып алып, кийин бул эмгектер “Мабсут” аттуу 30 томдук китепке бириктирилген. Бул зор эмгекти түрк профессору Мустафа Жеват Акшит 15 жыл ичинде араб тилинен түркчөгө биринчи болуп которгон.