ОшМУда мамлекеттик тил мыйзамдарынын мекемелерде колдонулушу талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда мамлекеттик тил мыйзамдарынын мекемелерде колдонулушу талкууланды

Image

Бүгүн, 21-октябрда ОшМУда “Мамлекеттик тил мыйзамдары – мамлекеттик мекемелерде” деген аталышта илимий-практикалык конференция өттү. 

Иш-чарага профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты. Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор  Мастура Шарипова мамлекеттик тилдин коомдогу мааниси, анын иш кагаздардагы орду, окуу жайда жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал эми кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Гүлсара Турдубаева “Мамлекеттик тилдин кадрлар бөлүмүндө учурдагы абалы”, факультеттер аралык кыргыз тилинин практикалык курсу кафедрасынын улук окутуучусу Элмира Алишерова “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдары, Тазагүл Айбашова “Типтүү нускаманын негизинде иш-кагаздарын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн эрежелери”, мамлекеттин укуктук теориясы жана тарыхы кафедрасынын улук окутуучусу Максатбек Жолдошов “Мамлекеттик тил маселелери - укук таануу тармагында” темаларында баяндамаларын жасашты. 

Катышуучулар тарабынан суроолор берилип, мамлекеттик тил мыйзамдарынын мекемелерде колдонулушу талкууланды. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Фото галерея