22-октябрда Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер кафедрасынын алдындагы социалдык клиникада социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошуундун күнүнө карата мастер-класс өткөрүлдү.
Интерактивдүү мастер-класс “Дене аркылуу туруктуулукка: конфликт жана стресс менен иштөөдө денеге багытталган терапия” темасында болду. Анда социалдык кызматкерлердин кесиптик ден соолугун сактоо жана психологиялык чыңалууларды жеңүү жолдору талкууланды.
Мастер-классты социалдык иш кафедрасынын ага окутуучусу, тренер Кундузхан Каримова жана денеге багытталган терапия боюнча практик, кризистик маселелер боюнча адис Делия Михеева алып барышты. Алар катышуучуларга дене аркылуу психологиялык туруктуулукту бекемдөө, стресс жана эмоционалдык чарчоо менен иштөө ыкмаларын практикалык негизде үйрөтүштү.
Уюштуруучулардын айтымында, социалдык кызматкерлердин ишмердиги жогорку моралдык жана эмоционалдык жоопкерчиликти талап кылган кесиптердин бири. Ар күн сайын адам тагдыры менен иш алып барган адистер тынымсыз стресс, социалдык көйгөйлөр, жана моралдык-психологиялык басымдарга кабылышат. Бул жагдайлар алардын психикалык жана физикалык ден соолугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн.
Иш-чара келечектеги социалдык кызматкерлерди кесиптик “күйүп кетүүдөн” алдын алуу, эмоционалдык чыңалуу менен күрөшүүдө дене терапиясынын ыкмаларын үйрөтүү жана өз алдынча жардам берүү көндүмдөрүн калыптандыруу максатында уюштурулду.
Мастер-класс учурунда катышуучулар дене терапиясы аркылуу эмпатияны өнүктүрүү, өз эмоцияларын түшүнүү жана чыгаруу, ошондой эле конфликттүү кырдаалдарда туруктуулукту сактоо боюнча көнүгүүлөрдү аткарышты.