3-мартта ОшМУнун Тарых-юридика институтунда Ош шаарындагы тарыхчылар менен биргеликте «12 жылдык билим берүүдө тарыхты окутуунун жаңы форматы: сынчыл ой жүгүртүү жана маалыматтык сабаттуулук» аталышындагы илимий-практикалык семинар-тренинг өткөрүлдү.
Окутууда заманбап тарыхый билим берүүнүн актуалдуу маселелери каралып, жаңы окуу стандарттарын киргизүү жолдору сунушталды. Тренерлер окуучулардын маалыматты талдоо жөндөмүн өнүктүрүү, тарыхый булактар менен иштөө ыкмаларын жакшыртуу жана фейк маалыматтарды айырмалоо көндүмдөрүн калыптандыруу маселелерине көңүл бурушту.
Семинарда белгиленгендей, бүгүнкү күндө окуучулар тарыхый маалыматты китептерден гана эмес, TikTok, YouTube жана башка социалдык тармактар аркылуу да алышат. Ошондуктан мугалимдердин негизги милдети – даяр маалымат берүү эмес, окуучуларды маалыматты сын көз караш менен кабыл алууга, аны текшерүүгө үйрөтүү экени айтылды. Маалыматтык сабаттуулук тарыхый бурмалоолордон коргонууда маанилүү курал катары белгиленди.
Иш-чара мугалимдерди жаңы форматтагы окутуу методдору менен тааныштыруу, тажрыйба алмашуу максатында Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасы тарабынан уюштурулду.