Ош мамлекеттик университети Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети менен илимий кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
11-октябрда эки окуу жайдын өкүлдөрү онлайн форматта жолугушуп, административдик укук, климаттык саясат, экологиялык жөнгө салуу жана салыштырма укук таануу багыттарында биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушууга Италиянын университетинин административдик укук боюнча профессору Франческо Скалиа, докторанты Франческо Альберто Д’Алесио катышты. ОшМУ тараптан Дилмурат Турсунов баштаган өкүлдөр болду.
Тараптар биргелешкен илимий макалаларды даярдоо, эл аралык илимий иш-чараларга катышуу, окумуштуулар ортосундагы байланышты чыңдоо маселелерин да талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында илимий байланыштарды улантууга, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен билим берүү долбоорлорун өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Кассино жана Түштүк Лацио университети Италиядагы мамлекеттик жогорку окуу жайлардын бири. 1979-жылы негизделген университет укук, экономика, инженерия, гуманитардык жана социалдык илимдер багыттарында билим берүү, илимий изилдөө иштерин жүргүзөт.