ОшМУнун туризм адистигинин 2-курсунун студенттери Жалал-Абад облусундагы туристтик-рекреациялык аймактарга, тарыхый-маданий жайларга таанып-билүү сапарын жасашты.
Сапар күзгү өндүрүштүк рекреациялык-географиялык практиканын алкагында уюштурулду. Студенттер Арстанбап, Сары-Челек, Кара-Камыш, Падыша-Ата сыяктуу жаратылышы кооз аймактарда болуп, Сафед-Булан жана Шах-Фазиль күмбөздөрү менен таанышышты.
Практиканын негизги максаты теориялык билимди иш жүзүндө бекемдөө, туристтик-рекреациялык ресурстарды жеринде изилдөө, туристтик маршруттарды уюштуруу көндүмдөрүн калыптандыруу болууда. Ошондой эле аймактын туристтик потенциалын баалоозарылдыгы турат.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай практикалык сапарлар келечектеги туризм адистеринин кесиптик компетенттүүлүгүн арттырып, Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын жана тарыхый-маданий мурасын тааныштырууга, туруктуу туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.