ОшМУнун №1 дене тарбия кафедрасынын улук окутуучусу, волейбол боюнча машыктыруучу Курстанбек Уланбек уулуна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу ардактуу наамы ыйгарылды.
Бул сыйлык анын волейбол спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн берилди. Наам 9–11-октябрда Ош шаарында өткөн Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук лигасынын эркектер жана кыз-келиндер командалары арасындагы мелдештин алкагында тапшырылды. Аталган мелдеште Курстанбек Уланбек уулу машыктырган команда биринчи орунду ээледи.
Курстанбек Уланбек уулу буга чейин ОшМУнун кыз-келиндер волейбол командасын жетектеп, Кыргызстандын улуттук курама командасын да машыктырган. Анын жетекчилиги астында командалар өлкөнүн тогуз жолку, Борбордук Азиянын үч жолку чемпиону болушкан. Машыктыруучунун кол алдында даярдыктан өткөн бир катар спортчулар спорт чебери наамына ээ болушкан.