ОшМУнун спортчулары өлкө чемпионатында 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль тагынды

Anasayfa Haberler

ОшМУнун спортчулары өлкө чемпионатында 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль тагынды

Image

Жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты 16-17-апрелде Бишкек шаарында өттү. Чемпионатка Ош шаарынын командасыннын курамында барган ОшМУнун 1 окутуучусу, 2 магистрант, 1 студенти 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалды жеңип келишти.

Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу  Алымкан Жамшитбекова 800 метр аралыкта  1-орунду, 400 метр аралыкта  2-орунду багындырды. Магистранттар Садыкжан уулу Шахзатбек 400 метр аралыкта  1-орунду, 200 метр аралыкта да  1-орун багындырса, Мукумбек уулу Майсал 800 метр аралыкта  3-орунду ээледи. Ал эми Медициналык колледждин студенти  Кадыров Элдияр 1500 метр жана 5000 метр аралыктарда  4-орунду ээледи.

Чемпионаттын алкагында Алымкан Жамшитбекова, Садыкжан уулу Шахзатбек жана Кадыров Элдияр май айында Ташкент шаарында, июнь айында Алматы шаарында  өтүүчү эл аралык мелдештерге катышууга жолдонмо алышты.

ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан ийгилик жараткан спортчуларыбызды куттуктайбыз!