Üniversite Yapı Enstitülar Öğretmenlik Eğitim

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту

Ош мамлекеттик университетинрде Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту ошол учурдагы ректор К.А. Исаковдун 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 654 буйругу менен ачылган.

Максаты мугалимдерди окуу-усулдук, илимий-педагогикалык жетишкендиктер менен ыкчам таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, билим берүү мекемелеринин бүгүнкү көйгөйлөрү, аны чечүүнүн илимий практикалык, педагогикалык-психолгиялык жолдорун изилдөө, билим берүү мекемелериндеги адистерди окутуунун заманбап технологиялары менен куралдандыруу болуп саналат.

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору педагогика илимдеринин кандитаты, доцент Жороев Ташболот Абдыкайымович.

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору Ташболот Жороев окуу жайдын төмөнкүдөй лицей, гимназияларына кураторлук кылат.

“Билим” лицейи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип, ОшМУнун  ошол кездеги ректору, профессор К.А.Исаковдун жеке демилгеси менен 2012-2013- окуу жылында  КРнын Билим беруу жана илим министрлигинин 10.04.2013ж №167/1 буйругу менен ачылган. “Билим” лицейинин директору Болушева Жоогазын.

«Ыйман» гимназиясы 2013-жылдын сентябрь айында Түркия «Диянет» фонду, Түркия билим берүү министрлиги жана ОшМУ менен биргеликте түзүлгөн протоколдун, Ош мамлекеттик университетинин уставынын негизинде, ректордун буйругу менен ачылган. Учурда гимназияны Маматов Талантбек жетектейт.

2018-жылдын 4-январынан ОшМУнун “Ыйман” гимназиясынын алдында түзүлгөн башталгыч класстары жаңыдан “Зирек” башталгыч билим берүү борбору деп түзүлүп, өз алдынча бөлүнүп чыккан.

Ош мамлекеттик университетинин «Кара-Суу», «Кара-Кулжа», «Ноокат» гимназиялары ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковдун демилгеси менен жана Ош мамлекеттик университети тарабынан түзүлгөн үч тараптуу келишимге ылайык, ОшМУнун ректорунун 2018-жылдын 26-майындагы №438- буйругунун негизинде ачылыган.

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун курамы:

Аты жөнү

Кызматы

Электрондук почтасы

Иш телефону

1

Жороев Ташболот

директор

Tjoroev@gmail.com

0770 450 657

2

Зайнабидин кызы Тахмина

методист

musaevatahmina155@gmail.com

0706 031 197

Фото галерея