Адрес | Ош шаары, Г.Айтиев көчөсү, 14а |
Телефон | +996 550 940 707, +996 777 480 868 |
Факс | |
Веб-сайт | |
next@oshsu.kg |
NEXT GENERATION HUB - 2024-жылдын 31-майында Ош мамлекеттик университетинин алдында өз алдынча структура катары алгачкы ишин баштады. ОшМУнун негизги инновациялык борборлорунун бири болуп, жогорку технологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Борбордук Азиядагы робототехниканы үйрөнүү боюнча жападан жалгыз филиал болуп саналат. Бул борборду өзгөчө кылып, студенттерге бул тез өнүгүп жаткан тармакта алдыңкы билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Борбор Huibo Robotics менен кызматташып, студенттерге практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Лаборатория Кытайдын Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте ачылган. Huibo Robotics — робототехника жана автоматизация тармагындагы дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын бири. Бул компания менен кызматташууда ачылган борбор студенттерге роботторду үйрөнүүгө жана өнөр жай ишканаларында иштөө үчүн практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
NEXT GENERATION HUB студенттерге ABB жана KEBA роботтору менен иштөөнүн тереңдетилген билимдерин жана көндүмдөрүн, ошондой эле аларды программалоону үйрөтөт.
Next Generation Hub лабораториясы
NEXT GENERATION HUB лабораториясы 2 миллион долларлык жабдуулар менен камсыздалып, чыныгы өндүрүш шарттарын имитациялайт. Ал ABB жана KEBA роботтору, Siemens логикалык контроллерлери жана өнөр жай сенсорлору менен жабдылган.
NEXT GENERATION HUB лабораториясы өнөр жай автоматизациясынын процесстеринде кеңири колдонулуучу Siemens логикалык контроллерлери, сенсорлор жана степпер моторлору менен жабдылган. Студенттер бул контроллерлерди жана сенсорлорду колдонуп программалоо көндүмдөрүн өздөштүрүшөт, ошондой эле автоматташтырылган системаларда так кыймылды камсыз кылган степпер моторлорун башкарууну үйрөнүшөт.
Бул жабдуулар өндүрүш ишканаларынын реалдуу шарттарын моделдөөгө мүмкүндүк берип, студенттерге башкаруу системалары жана роботташтырылган процесстер менен иштөө боюнча практикалык тажрыйба берет.
«Next Generation Hub» борборунун директору : Умаров Тилек Муталибович
Байланыш номери: +996 550 940 707
Электрондук дареги: tilek.9420@gmail.com
«Мехатроника жана робототехника» адистиги
Мехатроника жана робототехника боюнча бакалавриат программасы:
Бул адистик заманбап технологияларды, электрондук системаларды жана автоматташтыруу процесстерин камтыйт. Окуу процессинде студенттер робототехниканы, программалоону жана электрониканы үйрөнүшөт, бул аларды келечекте ушул тармактагы лидерлер катары даярдоого жардам берет.
«Жасалма интеллект» адистиги
Жасалма интеллект боюнча бакалавриат программасы:
Бул адистик заманбап алгоритмдерди, машиналык үйрөнүү жана нейрон тармактарын, ошондой эле маалыматтарды иштетүү жана анализдөө процесстерин камтыйт. Окуу процессинде студенттер жасалма интеллекттин негиздерин, программалоону жана аналитиканы үйрөнүшөт, бул аларды келечекте бул тармактагы адистер катары даярдоого жардам берет. Студенттер өздөрүн ЖИ технологияларын колдонуу, робототехниканы жана автоматташтыруу системаларын иштеп чыгуу сыяктуу аянттарда өнүгүүгө даяр болушат.
«Next Generation Hub» борборунун милдети
ОшМУнун «Next Generation Hub» борбору окуу жайдагы студенттерге, окутуучуларга робототехника, мехатроника,жасалма интеллект, автоматташтыруу жана электроника боюнча терең билим берүү, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, жогорку технологиялык жабдуулар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү, заманбап өнөр жай шарттарына даярдоо, аларды ишке орношуу үчүн даяр кылуу, жаңы технологиялар жана инновациялар боюнча изилдөөлөргө катышуу, эл аралык деңгээлде билим алууну жана академиялык мобилдүүлүктү камсыз кылат.
«Next Generation Hub» борборунун миссиясы жана максаттары
Кыргыз Республикасына жогорку класстагы, атаандаштыкка жөндөмдүү жана суроо-талаптагы адистерди системалуу даярдоо. Кытай Эл Республикасы менен көп тараптуу кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүү жана академиялык мобилдүүлүк менен эркиндикти камсыз кылуу аркылуу, социалдык жоопкерчиликтүү жана жогорку этикалык, моралдык сапаттарга ээ, чет тилдерин эркин өздөштүргөн, өз алдынча ой жүгүртүп, динамикалуу өзгөрүп жаткан дүйнөдө чечимдерди кабыл ала алган адистерди даярдайбыз. Улуттук кызыкчылыктарды, баалуулуктарды жана маданиятты сактайбыз.
«Next Generation Hub» борборунун максаты төмөнкү болуп саналат:
Мехатроника жана робототехника, маданият, экономика жана саясат боюнча билимдерди жакшыртуу, заманбап билим берүүдө өзгөрүүлөргө жана атаандаштыкка жооп берген, жогорку билимге жана чет өлкөлөрдө окуган тажрыйбага ээ, үзгүлтүксүз изилдөөлөр менен алектенген, мыкты адистерди даярдоо аркылуу, алар өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошот.
Материалдык-техникалык база
5 акыркы модельдеги компьютерлер менен жабдылган мультимедиялык кааналар;
3 лабораториялык кана
1 спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо борбору
1 лекциялык кана
2 интерактивдүү доска
1 чоң лед экран
1 плазмалык сыналгы
ОшМУнун «Next Generation Hub» борбору социалдык түйүндөрдө
Instagram: robotics.oshsu
Facebook: Робототехника жана Жасалма Интеллект
Электрондук кат куржун: next@oshsu.kg
Дареги: Ош шаары, Г.Айтиев көчөсү, 14а
Байланыш номерлери: +996 550 940 707, +996 777 480 868