Коомчулук  менен байланыш борбору

Üniversite Yapı Merkezler Коомчулук менен байланыш борбору

Коомчулук  менен байланыш борбору

ОшМУнун  Коомчулук  менен байланыш борбору “Үмүт” телестудиясы,  “Нур” ,“ Дидактика” гезиттери , басма сөз кызматы жана  ОшМУнун официалдуу сайты кирет.

Коомчулук  менен байланыш борбору ОшМУнун маалымат саясатын жүргүзөт.  Түрдүү долбоорлордун үстүндө иштейт. Университеттеги  журналистикага багытына кызыккан студенттер менен иш алып барат. ОшМУнун видео, фото архивин көзөмөлдөйт. Университеттин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын  (Фейсбук: Ош мамлекеттик университети   Твиттер:@OshState Инстаграм:@osh_state_university_official  Ютуб каналы: Osh State University) жүргүзөт.

“Үмүт” телестудиясы

«Үмүт» телестудиясы 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин ошол кездеги ректору Бектемир Мурзубраимов жана тарбия иштери боюнча проректору Каныбек Исаков тарабынан 12-октябрда ачылган. 1998- жылдын 16-ноябрында N97 буйругу менен "Yмүт" деген ат коюлган.

Университеттин базасында студенттик телестудияны ачуунун негизги максаты - таланттуу жаштарды колдоо, маданият, искусство, илим-билим жаатындагы маалыматтар менен теле керүүчүлөрдү камсыз кылуу, ошондой эле жаштар учун пайдалуу кенештерге бай, тарбиялык маанидеги жана оюн-зооктук программаларды даярдоо, видео архивдик материалдарды сактоо болуп саналат.

Учурда телестудия тарабынан университеттин жаңылыктары, маалыматтары чагылдырылып, таанып-билүүчүлүк программалар, автордук көрсөтүүлөр даярдалып келет. Ошондой эле журналистика тармагына кызыккан жаштарга практикалык жактан ар тараптуу өзүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

“Нур”  гезити

Студенттик “Нур” гезити 1992-жылы негизделип, 2001-жылы 27-сентябрда Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн “Нур” студенттердин коомдук-маданий гезити болуп саналып, бүгүнкү күндө 8 бет, 3500 тиражда түстүү чыгат жана студенттерге акысыз таратылат. Гезиттин электрондук версиясы окуу жайдын расмий сайтына жарыяланат.

Университеттеги жаңылыктар, маданий иш–чаралар, студенттерге керектүү маалыматтар, калемгер студенттердин чыгармалары, окутуучулардын юбилейлери тынымсыз чыгарылып келет. Окуу жайдын жарыя-кулактандыруулары, сынактардын жоболору гезитке жарыяланат. Поэзия, прозага кызыккан жаштарды тарбиялайт.

“Дидактика”  гезити

“Дидактика” гезити ОшМУнун  мугалимдеринин  илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн, билим берүүдөгү жаңылыктарды, ачылыштарды, окумуштуулардын пикирлерин  коомчулукка  чагылдыруу максатында 2018-жылы негизделген.

Бүгүнкү күндө “Дидактика” профессордук-окутуучулук курамдын илимий-педагогикалык   гезити 8 бет, 1800 тиражда түстүү чыгат жана акысыз таратылат.

Басма сөз кызматы

ОшМУнун басма сөз кызматы 2002-жылы түзүлгөн. Басма сөз кызматы массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланышты камсыздап, университет жөнүндө маалыматтарды  таратат.  Учурда ОшМУнун басма сөз кызматы Республикалык жана аймактык бардык массалык маалымат каражаттарынын түрлөрү менен кызматташ иш алып барат. Ошондой эле университеттин официалдуу сайтын иштетүүдө негизги кызматты аткарат.

ОшМУнун официалдуу сайты

ОшМУнун маалымат сайты 2014-жылы январынан тартып иштей баштаган. Сайтта университеттеги жалпы түзүмдөрү, илим, билим берүү, эл аралык байланыштары, окутуучулар, студенттер, абитуриенттерге тиешелүү маалыматтар камтылган. Маалыматтар 4 тилде: кыргыз, орус, ангилис жана түрк тилдеринде берилет.

Сайттын башкы бетинде университеттин жалпы жаңылыктар,  “Үмүт”  ТВ, “Нур” студенттик гезиттеринин чыгарылыштары үчүн атайын бөлүмдөр каралган.