| Адрес | Ош шаары, Алымбек датка көчөсү, 331 |
| Телефон | 03222 7-09-45 |
| Факс | |
| Веб-сайт | http://achd.oshsu.kg/ |
| zainidinov@oshsu.kg |
![]()
Ош мамлекеттик университетинин административдик чарба департаменти капиталдык курулуш, капиталдык ондоп-түзөө иштери, окуу, илимий маалыматтык ишмердүүлүктөрдү техникалык жактан жабдуу, окуу инвентарларын жана эмеректерди даярдоо, алып келүү, имараттардагы инженердик - коммуникативдик түйүндөрдү ишке жарамдуу абалда кармап туруу жумуштарын жүргүзүлөт.
Бардык окуу корпустарына жана жатаканаларды жаңы окуу жылына даярдоо иштери тейлөөчү (персоналдык) кызматкерлердин күчү менен аткарылат жана косметикалык ондоп- түзөө иштери жүргүзүлүп турат. Окуу корпустары, жатаканалар, санаторий, профилактория кезек менен ремонттолуп турат. 2001- жылы университетте эмерек цехи уюштурулуп, анын кызматкерлери тарабынан көптөгөн эмеректер даярдалып жатат. ЖОЖ дун өздүк ремонттоочу бригадасы да жемиштүү иштеп келе жатат.Мыдай тармактык түзүлүштөрдүн ишке киришүүсү менен ремонттук иштерге жана эмеректерди алып келүүгө кетүүчү чыгымдарды бир топ төмөндөтүүгө болот.
Жаны окуу жылына, күзгү- кышкы жана жылуулук берүү мезгилдерине даярдоо жумуштарынын жүрүшүндө университеттин чарбалык тармактары тарабынан имараттардын капиталдык ремонту, жылуулук берүү, таза суу, газ системаларын жана сантехникалык жабдууларды текшерип чыгуу боюнча ондоп-түзөө жана чарбалык иштердин комплекси аткарылып келет. Окутуучулардын жана студенттердин аудиториялардагы, окуу корпустарындагы иш орундарынын шартын жакшыртуу максатында жумшак жана катуу инвентарлар толукталып турат. Университеттин материалдык-техникалык базасын жогорулатуу төмөнкү багыттар аркылуу жүргүзүлөт:
- капиталдык курулуш,
- капиталдык жана күндөлүк ремонт,
- маалыматтык, илимий жана окуу ишмердүүлүктүн техникалык жабдылышы,
- окуу инвентарларын жана эмеректерди даярдоо жана сатып алуу,
- инженердик коммуникацияларды жана курулуш жана имараттар тармагын иштөө абалында кармоо,
- курулуш жана имараттарды каттоо.
Университеттин имараттарда жана жатканаларда материалдык баалуулуктарды сактоо жана үнөмдүү пайдалануу, өрткө каршы күрөшүү, санитардык абалы жана техникалык, электрдик коопсуздугун сактоо максатында ар дайым иш-чаралар жүргүзүлөт. Окутуучулардын кызматкерлердин жана студенттердин эс алышы үчүн Ысык-Көл областынын Түп районунда жайгашкан “Үмүт” пансионаты, Ош областынын Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында эс алуу жайы бар, ал жерлерде мезгил- мезгили менен ремонт иштери жүргүзүлүп турат.