Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби

Üniversite Yapı Fakülteler Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби

Адрес Ош шаары Масалиев көчөсү 91
Телефон
Факс
Веб-сайт http://hsiep.oshsu.kg/
E-mail vshmop@mail.ru

Ош мамлекеттик университетинин ректору профессор К.Г. Кожобековдун № 2195-ФХД/21 02.07.2021 буйругу менен Кыргыз-Европа, Кыргыз-Турк, Кыргыз-Россия факультеттеринин жана Эл аралык мамилелер факультетинин аймак тануу кафедрасынын базасында Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби түзүлгөн.

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин миссиясы:

- илимий изилдөөлөрдүн жана эмгек рыногунун талаптарынын негизинде эл аралык стандарттарга ылайык сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүү;

- дүйнөлүк жана региондук эмгек рыногундагы атаандаштыкка туруштук берүүгө, эл аралык экономиканын жана саясаттын учурдагы трансфармациялоо шарттарында иштөөгө жөндөмдүү аймак тануу, европа тануу, эл аралык жана европалык укук, эл аралык бизнес, туризм, программалык инженерия, журналистика, математика жана компьютердик илимдер, эл аралык мамилелер, англис тили жана башталгыч билим берүү багыттарында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Бүгүнкү күндө Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде эки илимдин доктору, профессор: Шарипова Э.К. (ф.и.д., профессор), Турсунов Д.А. (ф.-м.и.д., профессор); 14 илимдин кандидаттары, доценттер: Мараш-Оглы Ш.В., Акматова Д.А., Шарипова М.С.. Султанова К.Ж., Сулайманов Ж.А., Тургунбаева Ж.Ж., Аркабаев Н.К., Тойчиева Б.Т., Аккулов А.У., Сайпидинов И.М., Мадаминова Д.Б., Наралиев Т.А., Имаралиев О.Р., Орозов М.О.; Туризм багыты боюнча Phd – Кулназарова А.Д.; 9 ага окутуучу жана 45 окутуучу эмгектенет

  Материалдык-техникалык база, эл аралык байланыштар

  • Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде студенттеринин жана окутуучуларынын илимий изилдөө иштери негизинен түрдүү багыт менен байланышкан. Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде окутуучулары илимий семинар, тренинг, конференция, симпозиум, фестиваль, конкурстарга активдүү катышып, окутуучулар Турция, Испания, Россия, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашуу максатында алака түзүшүп, илимий-практикалык конференцияларга үзүрлүү катышып келишүүдө.
  •  
  • Бүгүнкү күндө Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде окутуунун сапатын жогорулатуу жана билимди баалоонун жаңы технологияларын ийгиликтүү ишке ашырылууда.
  • адистиктердин окуу предметтери боюнча окуу-методикалык материалдардын электрондук варианты даярдалып факультеттин сайтына жүктөлгөн;
  • Реклама жана коомчулук менен байланыш, журналистика адистигинин студенттерине ОшМУнун Медиа борборунун окуу лабораториясы колдонулат;
  • Туризм адистигине Ош шаарында мейманканалар практикалык сабактарды өтүү лабораториялары катары колдонулат;
  • факультетин окуу процессинде Internet тармактарына туташкан атайын компьютердик лабораториялар колдонулат;
  • Корей борбору;
  • Испан-Кыргыз борбору;
  • Япон борбору;
  • лингофондук кабинет;
  • заманбап китепкана;

Окуу-тарбиялык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде студенттердин семестр ичинде үзгүлтүксүз өз алдынча иштөөсүн уюштуруу, алган билимдерин баалоо жана көзөмөлдөө максатында окутуунун рейтингдик-модулдук системасы киргизилген. Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде окутуунун сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн компьютердик борбор азыркы күндө компьютердик лаборатория жана мультимедиялык класска, видеопроекторго ээ. Бардык компьютерлер локалдык тармакка биригип, университеттин интернет борбору аркылуу дүйнөлүк интернет тармагына акысыз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде китепкана, эл аралык китепканаларга чыга алуучу электрондук китепкана жана окуу залы бар.

Мүмкүнчүлүктөр жана өзгөчөлүктөр:

  • Эл аралык (международный) стандарт боюнча окутуу;
  • Дипломдун негизинде эки мамлекетте тең адистик боюнча иштөө;
  • Түркиядан келген окутуучулар аркылуу түрк тилин мыкты үйрөнүү;
  • Студенттердин өз күчү менен окуусун камсыз кылуу;
  • Окууда ийгиликке жетишкен студенттер стипендия менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрү бар;
  • Академиялык мобилдүүлүктүн негизинде эл аралык университеттерде (MEVLANA, ERASMUS MUNDUS+ ж.б.) программалар аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчунда билим алып келүү жана практикалардан өтүү;
  • Кошумча чет тилдерин (түрк, англис, немец, кытай, корей, япон ж.б.) өздөштөрүү мүмкүнчүлүктөрү;
  • Илимий-изилдөө долбоорлоруна колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрү;
  • Эл аралык түрдүү конкурстарга катышуу мүмкүнчүлүктөрү;
  • Коомдук жана маданий иш чараларга катышуу, өзүн ар тараптан өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү;
  • Түрдүү студенттик клубдарды түзүү жана иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү.
  • Өз ишин мыкты билген, ачык сүйлөөдөн тайманбаган келечегин көрө билген чыныгы адис болуу.

 4) Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебиндеги багыттар/адистиктер

ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ЖОГОРКУ МЕКТЕБИ

 

БАКАЛАВР

Багыты/адистиги

ЖРТ

Окуу формасы

Окуу мөөнөтү

Келишим акысы

РОССИЯЛЫК ЖАНА ЕВРАЗИЯЛЫК ИНТЕГРАГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ

Аймак таануу: Азия

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

30100

Филология: Колдонмо филология (орус тили жана адабияты)

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

27860

Башталгыч билим берүү. Англис тили

Негизги тест

Күндүзгү

5 жыл

28000

Математика жана компьютердик илимдер

Негизги тест

Күндүзгү / Сырттан

4 жыл / 5 жыл

28000/ 26360

Эл аралык мамилелер

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

 

ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ИНТЕГРАГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ

Программалык инженерия

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

32000

Экономика: Дүйнөлүк экономика

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

30000

Реклама жана коомчулук менен байланыш

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

26360

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

30000

Туризм:

 Гид-экскурсия жана котормочулук кызматтарынын технологиясы жана аларды уюштуруу;

- Мейманкана иши;

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

27860

ЕВРОПАЛЫК ЖАНА АМЕРИКАЛЫК ИНТЕГРАГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ

Европа таануу

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

32000

Бизнес жана башкаруу: Эл аралык бизнес

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

27000

Юриспруденция: Эл аралык жана европалык укук

Негизги тест

Күндүзгү

4 жыл

33000

 

ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН ЖОГОРКУ МЕКТЕБИ

 

МАГИСТРАТУРА

Багыты/адистиги

 

Окуу формасы

Окуу мөөнөтү

Келишим акысы

РОССИЯЛЫК ЖАНА ЕВРАЗИЯЛЫК ИНТЕГРАГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ

Аймак таануу: Азия

 

Күндүзгү

2 жыл

27160

Эл аралык мамилелер

 

Күндүзгү

2 жыл

27160

ЕВРОПАЛЫК ЖАНА АМЕРИКАЛЫК ИНТЕГРАГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ

Бизнес жана башкаруу: Эл аралык бизнес

 

Күндүзгү

2 жыл

27160