DEFA долбоору

Üniversite DEFA долбоору

DEFA долбоору

Кыргызстанда жогорку билим берүү тармагында европалык стандарттарга ылайыктуу жогорку билим берүү реформалары жүргүзүлүүдө. Мында Болон процессин жана жогорку билим берүүнүн европалык сапат стандарттарын киргизүүгө өзгөчө басым жасалат. Учурда улуттук квалификациялык база иштелип чыккандыгына карабастан, каржылык башкаруу системалары жогорку окуу жайлардын көз карандысыздыгына жетишээрлик көмөк көрсөтпөй жатат. Финансылык көз карандысыздык аспектиси университеттин автономия системасында маанилүү орунду ээлейт.

Бул долбоор университеттин өз алдынча башкаруусунун жаңы системаларын пилоттук түрдө колдонууга жана кеңейтүүгө жана финансылык көз карандысыздыкты жогорулатууга арналган. Долбоор Кыргызстандын ЖОЖдорунун каржылык, экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатуунун мындан аркы перспективаларын изилдейт.

  • Долбоордун максаты:

ЖОЖдордун жана жооптуу министрликтердин ЖОЖ системасын модернизациялоо боюнча потенциалын жогорулатуу;

Экономиканын жана эмгек рыногунун глобалдашуусунун, климаттын жана демографиялык өзгөрүүлөрдүн шартында ЖОЖдордун финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн өз алдынчалыгын жогорулатуу;

Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана анын эмгек рыногу жана коом үчүн актуалдуулугун, ошондой эле университеттердин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн айкындуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

  • Иш-чаралар

Европа университеттеринин тажрыйбасын талдоо;

ЖОЖдордун каржылык коз карандысыздыгын өнүктүрүү стратегиясын түзүү;

ЖОЖдордун каржылык өз алдынчалуулугу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

Өнөктөш университеттердин администрациясынын, саясатчылардын, бухгалтерлердин жана профессордук-окутуучулар курамынын окууга болгон муктаждыктарын талдоо;

ЕБ өнөктөш университеттерине иш сапарлары;

ЖОЖдун көз карандысыздыгы боюнча Көндүмдөрдү Өнүктүрүү Борборун түзүү;

Колдонмолорду/инструкцияларды иштеп чыгуу боюнча тренинг;

Бөлүмдөрдүн жетекчилери, ЖОЖдордун администрациялары (декандар, проректорлор, бухгалтерлер) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Финансы министрлигинин өкүлдөрү үчүн тренерлерди окутуу, ЕБ өнөктөш университеттерине таанышуу сапарлары;

ЖОЖдор үчүн тренингдерди көбөйтүү;

Жогорку окуу жайлардын, мамлекеттик бийлик органдарынын кыргызстандык кызыкдар тараптары үчүн семинарлар жана тренингдерди өтүү;

Моделди ишке ашыруу боюнча колдонмо иштеп чыгуу;

Ар бир көздөлгөн университетте каржылык көз карандысыздыкты пландаштыруу;

Каржылык көз карандысыздык моделин иштеп чыгуу жана моделди ишке ашырууда тобокелдиктерди анализдөө.

  • Партнерлор
  1. КМТУ – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (Кыргызстан, координатор),
  2. Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети (Кыргызстан),
  3. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети (Кыргызстан),
  4. Ош Мамлекеттик Университети (Кыргызстан),
  5. Талас Мамлекеттик Университети (Кыргызстан),
  6. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети (Кыргызстан),
  7. Адам университети (Кыргызстан),
  8. Эл аралык Медицина мектеби (Кыргызстан),
  9. Ататүрк-Алатоо Эл аралык университети (Кыргызстан),
  10. Юридикалык жактардын Ассоциациясы «Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Ассоциациясы» (Кыргызстан, Өнөктөш ассоциация)
  11. КР Билим берүү жана илим министрлиги (Кыргызстан, ассоциацияланган
  12. Otto-Von-Gericke-Universitaet Magdeburg (Германия)
  13. CESIE (Италия),
  14. UNIFI – Universita Degli Studi Di Firenze (Италия).