ОшМУда студенттер үчүн бизнес-инкубатор ачылып, иштеп баштады

Anasayfa Haberler

ОшМУда студенттер үчүн бизнес-инкубатор ачылып, иштеп баштады

Image

Буга байланыштуу окуу жайдын  ректору Кудайберди Кожобеков, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Динара Молдошева, Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фондунун башкы директору Жоодарбек Жумабаев катышкан иш-чара өттү.

Ректор студенттердин инновациялык идеяларын ар тараптуу колдоого даяр экендигин билдирди.

Иш чарада ийгиликке жеткен стартаптардын ээлери оздорунун бизнес пландары боюнча айтып беришти.

Бизнес-инкубатордо атайын билими бар тренерлер университетте май-июнь айларында стартаптарды түзүү боюнча студенттер үчүн окуу уюштурушат. ОшМУдагы бизнес-инкубатордо окуудан ийгиликтүү өткөн студенттер өздөрүнүн бизнес план, бизнес долбоорун түзүп “Стартап Кыргызстан” сынагына катышып, ар бир долбоор үчүн 200 000 сом утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Университеттин  алдындагы бизнес-инкубатордун ишмердүүлүгүнүн жана ачылышынын максаты - жаштардын ишкердик идеяларын жүзөгө ашыруу, уюштуруу жана студенттерди конкреттүү чөйрөлөрдө (маркетинг, продукцияны илгерилетүү, бизнести монетизациялоо ыкмалары, жарнама ж.б.) чыныгы бизнес технологияларына үйрөтүү.

2020-жылдын ноябрь айынан баштап, Кыргызпатент республиканын жогорку, орто жана кесиптик башталгыч билим берүүчү окуу жайларында стартап-акселераторлордун жана бизнес-инкубаторлордун иш тажрыйбасын жайылтуу максатында билим берүү мекемелеринин ортосунда сынак жарыялаган. Сынактын жыйынтыгында бизнес-инкубаторлордун практикасын жүзөгө ашырууга талапкерлигин көрсөткөн 36 университеттин ичинен 11и тандалып алынган. Алардын ичинде ОшМУ бар.

Бизнес-инкубатор - бул өнүгүүнүн бардык этаптарында: идеяны иштеп чыгуудан баштап коммерциялаштырууга чейинки жаш ишкерлердин долбоорлорун колдогон уюм.

 

fotoğraf Galerisi