ОшМУда кабыл алуунун 3 –туру башталды

Anasayfa Haberler

ОшМУда кабыл алуунун 3 –туру башталды

Image

Ош мамлекеттик университетинде 26-июлда кабыл алуунун 3-туру башталды. Кабыл алуу 28-июль күнү саат 14-00гө  чейин уланат.  Андан соң  3 күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер билим ала тургандыктарын тастыкташат.

Ал эми окуу жайдын кесиптик орто окуу жайларына  кабыл алуунун  2-туру  26-июлдан 2-августка чейин уланат.  Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 4-5-6-август күндөрү  билим ала тургандыгын тастыкташы керек.

Эскертүү: ОшМУнун жалпы колледжеринин ичинен Индустриалдык-педагогикалык колледжинин 9-класстын базасындагы эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу (ПОВТАС) адистиги 1-турда толгондугуна байланыштуу  2 –турда бул адистикке  кабыл алуу токтоду.

ОшМУ кабыл алуунун 1-2-турунун жыйынтыгы менен Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинен эң көп абитуриент тапшырган университет аталды. Жалпы  4555 абитуриент билим ала тургандыгын тастыктап, документтердин топтомун тапшырган. 

Абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү WhatsApp  байланыш номеринен биле аласыздар 0770 111110.

Фото галерея