Uluslararası bir seminer

Anasayfa Haberler

Uluslararası bir seminer

Image

ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаева            КРдин Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы, Билим берүү жана илим министрлиги, КРдин Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тарабынан Чолпон-Ата шаарында 2021-жылдын 22-24-сентябрында өткөрүлгөн 3-аспиранттар мектебинин эл аралык семинарында “Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо: абалы, көйгөйлөрү, келечеги (ОшМУнун мисалында)” аттуу баяндама жасады.

Семинарга Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү, окумуштуулар, илимий иштер боюнча проректорлор, Аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары, Россиянын “Антиплагиат” компаниясынын окуу-усулдук борборунун жетекчиси Беленькая О.С.,  Clarivate компаниясынын регионалдык чечимдер боюнча консультанты Тихонкова И.А., (Украина), Илимий коммуникациялар институтунун АКМнин президенти Попкова Е.Г. (Россия, Москва) ж.б., аспиранттар жана изденүүчүлөр катышышты.

Баяндамада ОшМУда илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо тажрыйбасы,  аспирантуранын  ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан иш-аракеттеринин жыйынтыктары жөнүндө кеңири маалымат берилди.      Университеттеилимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун  натыйжалуулугун  жогорулатуунун  негиздери − илимий  ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн  стратегиялык иш-аракеттер, ар тараптуу материалдык стимул көрсөтүү маселелери белгиленди. Аспиранттардын  сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнүн, бүтүрүүчүлөрдүн  кандидаттык диссертацияларын  коргоолорунун динамикасын иликтөө жыйынтыктары көрсөтүлдү. Кыргызстанда аспирантура институтунун натыйжалуулугун жогорулатууга, өнүктүрүү маселелерине, илимий кадрларды даярдоо боюнча нормативдик актыларга  карата  сунуштар, милдеттер берилди.

Фото галерея