Öğrencilerimiz Uluslararası Olimpiyatta

Anasayfa Haberler

Öğrencilerimiz Uluslararası Olimpiyatta

Image

STEAM OLYMPIAD 2021 республикалык олимпиадасына STEM инновациялык колледжинен 9 студент катышып, 1-турдан баары өтүштү. Ар бир турга катышкан студенттер ийгиликтүү катышты деген сертификат алышты. Ал эми Дастанбек Садиров Олимпиаданын 2 турунан ийгиликтүү өтүп, 3 турга катышууда.
Студенттерди олимпиадага колледждин окутуучусу Рахима Салайдинова даярдоодо. Олимпиада арт, эссе, видеотасма же ыр, математика багыттары боюнча өткөрүлүп жатат.
STEAM олимпиадасынын негизги максаты - жогорку класстын окуучуларынын арасында экологиялык маданиятты калыптандыруу, алардын көңүлүн өз өлкөсүнүн экологиялык өнүгүүсү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине буруу, эко аң-сезимдүү жаштарды тарбиялоо.
Олимпиаданын жыйынтыгында өлкө боюнча 7 облустан 70 катышуучу тандалып алардын ичинен эң мыкты 7 катышуучу  Кыргызстандын намысын АКШ, Таиланд  жана  Малайзияда  өтө турган эл аралык олимпиадада коргоо мүмкүнчүлүгүн алат. Калган 63 катышуучуга Казакстан жана Өзбекстанда өтүүчү турларга жолдомо берилет.