Ош мамлекеттик университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамына кирүүгө арыздарды кабыл алуу жарыяланат

Anasayfa duyurular

Ош мамлекеттик университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамына кирүүгө арыздарды кабыл алуу жарыяланат

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагындагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү боюнча комиссиясы Ош мамлекеттик университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамын бекитүү боюнча конкурска катышуу үчүн арыздарды кабыл алууну жарыялайт.

“Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кеңештин мүчөсү төмөнкүлөр боло алышат

1. Социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары;

2. Ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чөйрө мекемелеринин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү.

Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүн тандоо конкурсуна катышууну каалаган талапкерлердин арызына төмөнкү документтер тиркелет:

– конкурска катышууга арызы;

– талапкердин резюмеси ;

– паспортунун же өздүгүн аныктоочу документинин көчүрмөсү;

– билими жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү.

Мындан тышкары, талапкерди сунуштаган каттарды кошо тиркесе болот.

Документтердин толук тизмеси 2026-жылдын 4-апрелине чейин кабыл алынат, office@ilim.gov.kg электрондук дарек аркылуу же Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине тапшыруу зарыл. Дареги: Бишкек ш., Москва көчөсү, 62.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0 (312) 68-04-71