Түркияда ОшМУнун теология факультетинин 33 жылдык тажрыйбасы талкууланды

Anasayfa Etkinlikler

Түркияда ОшМУнун теология факультетинин 33 жылдык тажрыйбасы талкууланды

Image

26-июлда Түркияда «Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин 33 жылдык тажрыйбасына талдоо жана келечекке карай өнүгүү стратегиясы» аттуу стратегиялык семинар болуп өттү.

Иш-чара Анкара шаарындагы «Түркия Диянет» фондунун башкы кеңсесинде уюштурулуп, ага аталган өлкөнүн Дин иштери боюнча башкармалыгынын, «Диянет» фондунун, Анкара университетинин, Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү жана белгилүү окумуштуулар катышты.

Семинарда теология факультетинин окутуучулары факультеттин 33 жылдык тарыхы, билим берүү тажрыйбасы, окуу программалары, эл аралык кызматташтыгы, келечектеги багыттары тууралуу баяндама жасашты.

Талкуунун жүрүшүндө факультетте ар кайсы жылдары эмгектенген түрк окумуштуулары, Анкара университетинин профессорлору жана «Түркия Диянет» фондунун өкүлдөрү өз пикирлерин айтып, факультеттин жетишкендиктерине, келечектеги мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту.

Семинардын жыйынтыгында диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргызстан менен Түркиянын жогорку билим берүү тармагындагы өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Аталган иш-чараны Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгы, «Диянет» фонду, Анкара жана ОшМУ биргелешип демилгелешкен.

Маалымат үчүн: «Диянет» фондунун колдоосу менен бүгүнкү күнгө чейин Ош мамлекеттик университетинин 1664 студенти Түркияда академиялык мобилдүүлүктөн өткөн. 807 студент  бул жактан теология факультетин аяктаган. Факультеттин көптөгөн окутуучулары магистратура жана докторантураны аталган өлкөдө окуп, илимий потенциалдын өсүшүнө салым кошкон.

fotoğraf Galerisi